ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35

Автор: ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района 21 Февраль 2023 ж. 11:14

"Ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын зордук-зомбулукка кабылышын алдын алуу" деген темада тренинг өтүлдү.

2023-жылдын 20-февралында №1 гимназия-жатак интернатындагы ата-энелер, класс жетекчилер үчүн "Ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын зордук-зомбулукка кабылышын алдын алуу" деген темада офлайн форматта тренинг болуп өттү. Иш-чарага Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Абдимиталип Жанжигитов, Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспектору, милициянын лейтенанты Үмүтбек Мустапакул уулу, "Тынчтык демилгелери" коомдук бирикмесинин менеджери Айбек Муратов жана 21 эне, класс жетекчилер катышышты.Тренингде  соцпедагог Таалайкан Бурханова "Миграциянын окуучуларга тийгизген таасири" деген темада доклад окуду, ата-энелер менен класс жетекчилер топтордо иштеп, миграциянын оң, тескери таасирлери жөнүндө ортодо жыйынтык чыгарышты.  8а-классынын жетекчиси Таалайхан Туратова "Өспүрүм балдардын курактык өзгөчөлүктөрү", үй-бүлөлүк психолог Гүлнур Жапарова "Ата-эне өспүрүмгө кандай мамиле жасоо керек?" деген темада доклад жасашты. Бул иш-чара "Тынчтык демилгелери" коомдук фондунун "Тынчтык демилгелерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү" долбоорунун алкагында өтүүдө. №1 гимназия-жатак интернатынын информатика мугалими Асилхан Абдиева жана "Дебат" ийриминин катышуучулары 10-классынын окуучусу Таттыбүбү Жунусова, 8а-классынын окуучусу Бурмакан Адыбаева биргеликте "Ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын зордук-зомбулукка кабылышын алдын алуу" деген темада долбоор жазышкан. 

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика