Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Толойконский а/а,с. Телейкен (Часть), улица Сайдиева Н., 100
2022-жылдын 5-декабрында зордук-зомбулукка карата жогорку класстын окуучуларына тегерек стол өткөрүлдү."Эрайым" аялдар коомдук бирикмесинин психологу Анарбаева Дилфуза жана жаш өспүрүмдөр менен иштеген Мухаммед Дийор тегерек столго катышып, окуучуларга зордук-зомбулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жогорку класстын окуучулары зордук-зомбулук боюнча сахналык көрүнүш даярдап,аткарып беришти.Зордук-зомбулук боюнча окуучуларга суроолор берилди.Турмушта болгон окуяларды өз көздөрү менен көргөндөрүн айтып беришти. 8-9- класстын окуучулары "Биз зомбулука каршыбыз" деген темада өздөрүнүн ойлорун, сунуштарын тегерек столдо айтып беришти.
Ал эми жаш өспурүмдөр менен иш алып барган Мухаммед Дийор агай кылмыштуулук, зордук-зомбулук, мектеп рекети, уурулук туурасында окуучуларга кеңири маалымат берип өтту. 5-9- класстар арасында зордук-зомбулук боюнча дубал газеталар чыгарышты."Биз бактылуу үй-бүлөбүз" деген темада 5-класстын окуучуларынын арасында аңгемелешүү болуп өттү.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика