СШ Средняя школа имени "М.Горького"

Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Алгинский а/а,с. Алга, улица Мектеп, 7а

Автор: СШ Средняя школа имени "М.Горького" 13 Декабрь 2022 ж. 9:03

Чынгыз Айтматов чыгармалары мектепте.

Кыргыздын гана эмес дүйнөлүк адабияттын кенчи болгон Чынгыз Айтматов быйыл 94 жашка чыкмак. Залкар жазуучунун өмүр жолу, чыгармачылыгы дагы канча макала жана изилдөөлөргө түгөнгүс булак болуп берет. Анын чыгармалары дайыма жүрөгүбүздө ойлорубузда түгөнгүс байлык болуп кала берет. Ч.Айтматовду даназалап 94 -жылдыгын 12-декабрда М.Горький атындагы №8 орто мектебинде " Чынгыз Айтматовдун чыгармалары мектепте" деген темада 1-11класстар арасында иш чара өткөрүлдү. Иш чарага Ч.Айтматовго арналган көркөм окуулар айтылып ырлар ырдалды, чыгармаларынан театрлаштырылган көрүнүштөр коюлуп сүрөт конкурстар уюштурулду.

Окуучулардын жүрөгүндө улуу жазуучубузга болгон сый урмат, сыймыктануу сезимдери дагы да күчөдү. Биз улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматов менен сыймыктанабыз.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика