Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Алгинский а/а,с. Алга, улица Мектеп, 7а
Бала чоноюп алыста жүргөндө ата-эне ардайым колдоп жанында жүрбөй калганда, балага эмне жардам берет? Бала төрөлгөндөн баштап анын жүрөгүн, жан дүйнөсүн биз эмне менен толтурдук, мына ушу маанилүү өзүн сүйүүнү, өзүнө ишеним жана адамдарга болгон сүйүүнү балабыздын жүрөгүнө киргизе алдыкпы? Ушул сыяктуу башка суроолор үстүндө талкуулап жооп табуу максатында М.Горький атындагы №8 орто мектебинде "Ата-энелер" мектеби өткөрүлдү. Иш чарада төмөнкү темалар жөнүндө ата-энелер маалымат алышты.
1-4 класстар:
1. Балдардын мектепке ынгайлашуу кыйынчылыктарын чечүү жолдору балдардын сырдуу дүйнөсү.
2. Үй бүлөдөгү тарбиялоонун ыкмалары, баланын достору менен болгон мамилеси 5-11 класстар.
5-11 класстар:
1. Окуучунун эс тутумунун жана көнүл буруусун өнүктүрүү жана үй бүлө менен мектептин кызматташтыгы.
2. Балдардын жашоо жагдайлары, окуучулардын арасындагы кесиптик багыт.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика