Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Котормоский а/а,с. Кескен-Таш, улица Салибаев Абдырахман, 23
№37 Молдо Нияз атындагы мектеп-гимназиясында “Балдар биздин келечегибиз” деген темада жалпы ата-энелер конференциясы өткөрүлдү.
Конференцияга чакырылган коноктор:
1. Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Курмушуев Самидин Мусаевич
2. Милициянын участкалык уполномоченныйы, милициянын майору Халмузаев Үмүт Акпаралиевич
3. БИИнин инспектору, милициянын капитаны Ормонова Дамира Исраиловна
4. Көтөрмө айыл өкмөтүндөгү Гайрат 2 айылынын айыл башчысы Исаков Таалай.
5. Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү Кеңешинин төрагасы Бактыбаев Абдувахид Улукбекович
Конференция 2 бөлүмдөн турду.
1-бөлүм:
1. Зордук-зомбулуксуз 16 күн маалымат өнөктүгүн өткөрүү максатында окуучулар тарабынан ата-энелерге көрүнүштөр көрсөтүлүп, соцпедагог Г. Гульматова тарабынан тема боюнча билдирүү жасалды.
2. Адеп-ахлак концепциясы боюнча “Окуучунун адеп-ахлагы” деген темада тарых мугалими Д.Кудайбердиева доклад окуду.
3. Зордук-зомбулук боюнча түшүндүрүү иштери жөнүндө ИДН кызматкери, участковыйларга сөз берилди.
4. Улуттук нарк насилди, салт санааны сактоо, маркумду узатууда чыгымдарды азайтуу жөнүндө айыл башчы Исаков Таалай билдирүү жасады.
2-бөлүм:
2021-2022-окуу жылында аткарылган иштер боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы Н. Алимованын, тарбия завуч
Б. Тургунованын, соцпедагог Г.Гулматованын, камкорчулар кеңешинин төрагасы Маматкул Эшбаевдин отчеттору берилди жана ата-энелер тарабынан жактырылды. Башталгыч класстар усулдук бирикмесинин жетекчиси М.Шамшиева “Окуучулардын финансылык сабаттуулугу” жөнүндө доклад окуду. 2022-2023-окуу жылына жалпы ата-энелер комитети шайланды.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика