ШГ Учреждение: школа-гимназия №37 имени Молдо Нияза

Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Котормоский а/а,с. Кескен-Таш, улица Салибаев Абдырахман, 23

Автор: ШГ Учреждение: школа-гимназия №37 имени Молдо Нияза 9 Декабрь 2022 ж. 0:14

"Финзнайка" жана "Фин-чилистен" сынактары өткөрүлдү

2022-2023-окуу жылынын 7- 8-декабрында  башталгыч класстарда “ Окуу керемет!” долбоорунун алкагында  орус тилдүү  3-б-класстын класс жетекчиси Мадумарова Жамила  эжеке тарабынан жана кыргыз тилдүү 3-а-класстын класс жетекчиси Мусабаева Сапия эжеке, 3-в-класстын класс жетекчиси Момунова Гүлжамал эжеке, 4-а-класстын класс жетекчиси Кыясова Назгүл эжекелер өз окуучулары жана ата-энелери  менен биргеликте  “Финзнайка” жана “Фин-чилистен”   сынагын өткөрүштү . Сынакка 6 ата-эне жана 13 окуучу катышты.  Жалпы 32 ата-эне , 58 окуучу күбө болду.
Сынак 6 тур боюнча өттү. Ар бир тур калыстар тарабынан бааланды. Баалоонун эң жогорку баллы 15 сом, орточо балл 10 сом, кичинекей балл 5 сом менен ченелип, З топ таймашты . Топтордун аталышы:
1-топ  Бюджет
2-топ  Расход
3-топ  Доход
1-турда ата-энелер балдары менен биргеликте өз колдору менен акча топтоочу буюм (копилка) жасашты. 
Мында: ата-энелер балдарынын кызыгууларын эске алып, чыгармачылык  менен  иштешти. 
1-Бюджет тобу Динозаврдын көрүнүшүндө
2-Расход тобу  күчүктүн көрүнүшүндө
3-Доход тобу   жөнөкөй идишти кооздоп копилка жасашты.
3 топ тең 15 сомдон баллга ээ болушту.
2-турда ар бир топ өздөрүнүн аталыштарын коргоп беришти . Ата-энелер кызыгуу менен даярданып келишиптир. Балдары менен чогуу сонун кылып сүйлөп беришти.
3-турда “ Блиц суроолор” болду.  Мында: ар бир топко акчага байланыштуу болгон суроолор берилди . Топтор ыкчам жооп бергенге аракет кылышты.
4-турда ар бир топ өз үй-бүлөлөрүнүн бир айлык каржылык абалын жазып, кирешесин жана чыгашасын эсептеп, канча үнөмдөп калаары жөнүндө сүйлөп беришти.
5-турда акча чогултуу боюнча ар бир топ өз кеңештерин беришти.
6-турда жыйынтыкталып, топтогон упайларын эсептеп чыгарышты.
Сынак аягында  катышкан ата-энелерге мектеп тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика