Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Котормоский а/а,с. Кескен-Таш, улица Салибаев Абдырахман, 23
№ 37 Молдо Нияз атындагы мектеп-гимназиясында «2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө” улуттук программаны аткаруу максатында иш-чара иштелип чыгып, аткарууга берилген.
“Улуттук наркты сактайбыз” деген темада 9-10-11-класстарга тарбиялык сабак өтүлдү.
5-6-класстардын окуучуларына “Улутумдун чеберимин” аттуу конкурсту технология мугалими У.Акботоева тарабынан өткөрүлдү. Мындан тышкары технология мугалими Акботоева “Жашоо турмушубуздагы оюмдардын түрлөрү” аттуу темада ачык сабак өттү.
7-8-9-класстардын окуучуларына “Биз улуттук наркты сактайбыз” аттуу дил баян жазуу конкурсун Ч.Сабирова уюштурду.
3-4-класстардын окуучуларына М.Шамшиева “Улуттар биримдикте” аттуу көркөм окуу конкурсун өткөрүп, жеңүүчүлөр кызыктыруучу белектер менен сыйланды.
7-8-класстардын катышуусунда улуттук наркты сактоо максатында кыздар арасында волейбол мелдешин Б.Алимжанова уюштуруп өткөрдү.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика