Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Халмионский а/а,с. Халмион, улица Рахмидин Шерматов, 94
2022 -жылдын 22- ноябрь күнүндө Х. Сабиров мектебинде өзгөчө көтөрүнкү маанайда " Өзбек тили жана адабияты сабактарында билим берүүнүн заманбап ыкмаларынан пайдалануу" темасында райондук семинар болуп өттү.
Семинар эне тили сабактарында окуучулардын окуу сабаттуулугун өнүктүрүү, окуучуларды окутууда эне тилине болгон сүйүүсун арттыруу жана мекенчилдикке тарбиялоо максатында, ар түрдүү заманбап ыкмалардан пайдаланып уюштурулду.
Мектепке келген коноктор ылык тосуп алынды. Мектептин ардактуу Өзбек тили жана адабияти мугалимдери Г. Мадалиева, У. Хакимова жана О. Абдирайимжановалар өздөрүнүн эң соонун диспут, мелдеш сабактарын көрсөтүп беришти. Сабактар "эң жакшы" деп бааланды.
Семинарда 8-9 класстар ортосундагы "Тил - миллат кузгуси" аттуу интеллектуалдуу таймашуу иш чарасы өткөрүлдү.
Райондук семинарга келген мугалимдер жана усулдук бирикме башчысы тарабынан жакшы ой пикирлер айтылды жана чоң ыраазылык билдирилди.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика