Дошкольное образовательное организация "Келечек балдары"

Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Наримановский а/а,с. Зарбдар, улица Азизов , 1а

Автор: Дошкольное образовательное организация "Келечек балдары" 28 Ноябрь 2022 ж. 11:53

Көп тилдүүлүк -ынтымакка өбөлгө

Көп тилдүүлүк-ынтымакка өбөлгө

 

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү З.Жамалдиновдун демилгеси жана катышуусунда Кара-Суу районунда мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринде облустук семинар өткөрүлдү.

 

Облустук семинарга райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын социалдык маселелер боюнча орун басарлары, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, бала бакча башчылары, ата-энелер комитеттеринен өкүлдөр катышышты. 

 

Жетишилген ийгиликтер, билим берүүнүн сапатын жогорулатуудагы усулдук кеңештер, материалдык-техникалык базаларынын чыңдалуусу, мектеп-ата-эне-коомчулук менен өз ара аракеттенүүсү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын билим берүүдөгү камкордуктары, көмөкчү чарбалардын уюштурулушу, өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуудагы ийгиликтер менен таанышып, тажрыйба алмашылып, алдыга милдеттерди коюу менен жыйынтыкталды.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика