Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Майданский а/а,с. Майдан, улица Кудайназаров Амиракул, 90
№11 "Исфайрам" орто мектебинде жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү.Бул чогулушка жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору ,милициянын майору Камил Акимов, Кадамжай РИИБдин ЭММКАКтын оперкызматкери милициянын майору Сейитбек Салаев,Майдан айылдык участкалык инспектору ,Үч-Коргон АМБнун УУМ милициянын лейтенанты Алмаз Абдувалиев, Майдан айылынын имамы Алип ажи Көчкөнбаевдер катышты.Бул чогулуштун максаты өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун,зордук зомбулуктун ,диний экстремизмдин ,окуучулардын коопсуздугун алдын алуу .Зордук-зомбулук көйгөйүнүн болуп жаткандыгы ата-энелерге түшүндүрүлду. Ата-энелердин да пикирлери,сунуштары талкууланды.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика