НСШ Неполная средняя школа имени "Х.Сабирова"

Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Халмионский а/а,с. Халмион, улица Рахмидин Шерматов, 94

Автор: НСШ Неполная средняя школа имени "Х.Сабирова" 16 Ноябрь 2022 ж. 12:47

Тил-улуттун жаны!

Х.Сабиров атындагы толук эмес орто мектебинде сентябрь айында 23-сентябрь тил майрамына карата "Тил -улуттун жаны!"аттуу майрамдык азем откорулду.Майрамга бардык класстардын таланттуу окуучулары катышты.

 Майрам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни угулушу менен ачып берилди. Кыргыз тили мугалими М.Нийзамова тил тууралуу доклад окуду.

Майрамды кыргыз тили мугалими Ш.Мусаева сценарий боюнча алып бардыКечени  9-"Б"класс окуучусу Ниматова Дурдона алас-алас айтуу менен баштап берди.

Кыргыз тилин даңазалоочу көркөм ырлар,макалдар,обондуу ырлар айтылды.  4-"Б"класс окуучулары  аткаруусунда Манастан үзүндү айтылды. 8- 9 класстын кыздары аткаруусунда композициялык көрүнүштөгү ырлар айтылды.Башталгыч класс окуучулары тил тууралуу макалдар айтышты. Майрам өтө шаңдуу өттү.Жыйынтыктоо үчүн сөз кезегин мектептин О.Б.Б.сы Г.Мадалиевага берилди.Эжекей майрам менен дагы бир жолу куттуктап өз пикирлерин , ыраазычылыгын билдирип өттү. Кыргыз республикасынын мамлекеттик гимни угулушу менен салтанаттуу майрам өз аягына жетти.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика