СШ Средняя школа "Кенеш" (с.Насирдин)

Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Кулжинский р-н,Карагузский а/а,с. Алтын-Кюрек, улица Арзимат Нурматов, 22

Автор: СШ Средняя школа "Кенеш" (с.Насирдин) 21 Октябрь 2022 ж. 14:18

Программалык аккредитация

1-тиркеме

 

  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине  Кара-Кулжа районундагы «Кенеш»  орто мектебинин директору Тутуева Бактыкан Мусаевнадан

 

                                                           АРЫЗ.

“Кенеш” орто мектеби-мекемесин  программалык аккредитациядан өткөрүүнү суранат.

Уюштуруу-укуктук формасы: мекеме

Менчик түрү: мамлекеттик

Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы,Ош областы,Кара-Кулжа району,Карагуз  айыл аймагы,Насирдин  айылы.

Жайгашкан жери:  Кыргыз Республикасы,Ош областы,Кара-Кулжа району, Карагуз айыл аймагы, Насирдин  айылы.

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери:  02501201310147

 Юридикалык жакты каттоо (кайра каттоо) датасы: 16.09.2016-жыл

Билим берүү уюмунун жетекчисинин телефон номери: 0 778806639

 Билим берүү уюмунун электрондук дареги (почтасы): 22kenesh@mail.ru

         

  Тиркелет: өзүн-өзү баалоо боюнча отчет ____ б.

 

 

20 22- жылдын «__»_______________

 

 

М.О.                               ______________                          Тутуева Бактыкан Мусаевна

 

 

                                                                                                                            

          2-тиркеме

БЕКИТИЛДИ

20__-жылдын «___» ____________ №_____________буйругу менен

 

 

 

 

 

 

 

ӨЗҮН - ӨЗҮ БААЛОО БОЮНЧА ОТЧЕТ

“КЕНЕШ” ОРТО МЕКТЕБИ  

ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯЛОО

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  1. КИРИШҮҮ

 

      Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы  “Кенеш” орто мектеби-мекемеси  1988-жылы пайдаланууга берилген.Менчик түрү-мамлекеттик. Мектептин долбоордук кубаттуулугу 200 окуучулук орунду түзөт. Бүгүнкү күндө 162 окуучу мектепте билим-тарбия алышууда.

     “Кенеш” орто мектеби-мекемеси мамлекеттик кайра каттоодон   2016-жылдын  16-сентябрда  Кыргыз Республикасынын Ош облусунун жана Ош шаарынын  Юстиция  башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн жана күбөлүгүнүн сериясы ГПЮ,номери № 0019351.(4-5-бетте)

   Мектеп өзүнүн  ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык            2003-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган  Кыргыз Республикасынын  “Билим берүү жөнүндөгү”  мыйзамына,2016-жылы юридикалык каттоодон (каттоо номери 127338-3306-М-е) өткөн,райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы тарабынан бекитилген  мектептин Уставына жана башка мектепке тиешелүү укуктук-ченемдик актыларга  таянып жүргүзөт.

   -“Кенеш”  орто мектеби-мекемесинин алдыга койгон миссиясы: мектептин окуу -материалдык, техникалык базасын чындоо менен окуучуга сапаттуу билим беруу жана мекенчилдике тарбиялоо.

   -“Кенеш”  атындагы орто мектебинин директору:    

     Бактыкан Тутуева Мусабековна

Телефон номери: 0778806639

Электрондук почтасы: baktykantutueva@gmail.com

 

   -“Кенеш” орто мектеби-мекемеси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 15-октябрындагы , №1284/1 буйругунун негизинде жалпы негизги жалпы  билим берүү жана орто жалпы билим берүү программалары боюнча аккредитациядан өткөн.        Сертификат номери:№СС190007413                                                             Сертификаттын мөөнөтү: 15-октябрь.2023-жыл. (6-7-бетте)

   -Билим берүү мекемесинин дареги:    Кыргыз Республикасы,Ош областы,Кара-Кулжа району,Карагуз айыл аймагы,Насирдин  айылы.                                                                                                                                          Телефон номерлери: 0778806 639

Электрондук почтасы: 22kenesh@mail.ru                                                         

       

 

 

 

 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БИЛИМ БЕРУУ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

ОШ ОБЛУСУНУН

КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК

БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮ

“КЕНЕШ” ОРТО МЕКТЕБИ

 

 

                      

 

 

МИНИСТЕРСТВО ОБРАЗОВАНИЯ И

НАУКИ КЫРГЫЗСКОЙ  РЕСПУБЛИКИ

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

КАРА-КУЛЖИНСКИЙ РАЙОННЫЙ

ОТДЕЛ ОБРАЗОВАНИЯ

СРЕДНЯЯ ШКОЛА “КЕНЕШ”

 

              

Насирдин айылы.

Чыгуу        _________.2022      №

Мектепти институционалдык жана программалык аккредитациядан өткөрүүнүн (өзүн-өзү баалоо отчетун даярдоонун)   календардык планы.

 2022-2023-окуу жылы.

Аткарылуучу иш чаралар

мөөнөтү

Ресурстар

Жыйынтыгы

1

Өзүн өзү баалоо комиссиясын аккредитация даярдануунун  календардык план менен тааныштыруу.Сунуштар менен кабыл алуу

7-сентябрь

Комиссиянын отурумунда

 

2

Багыттарды аныктоо

 

7-сентябрь

13-тиркеме

 

3

Иш бөлүштүрүү

 

7-сентябрь

 

 

4

Аткарылуучу иштердин мөөнөттөрүн аныктоо

 

7-сентябрь

13-тиркеме

 

5

Комиссия мүчөлөрүнүн милдеттери жана жоопкерчилигин аныктоо

7-сентябрь

Буйрук №12

 

6

Тиешелүү документтерди тактоо жана даярдоонун жүрүшү

Ишемби күндөрү

1-тиркеме

 

7

Жалпылоочу жана аналитикалык отчетту даярдоочу адамды дайындоо.

7-сентябрь

Комиссия мүчөлөрү

 

8

Өзүн-өзү баалоо комиссиясынын отурумдарын уюштуруу

Ишемби күндөрү

13-тиркеме

 

9

Аткарылган иштерге анализ жана жаңы тапшырмаларды берүү (комиссия мүчөлөрүнө)

Ишемби күндөрү

Комиссия мүчөлөрү

 

10

Өзүн-өзү баалоо отчетун даярдоо

 

9-сентябрь

Комиссия мүчөлөрү

 

11

Өзүн-өзү баалоо отчетун педкеңешмеге сунуштоо (педкеңешмеде кароо)

9-сентябрь

Комиссия төрагасы

 

12

Өзүн-өзү баалоо отчетун министерствого жөнөтүү

10-сентябрь

Комиссия төрагасы

 

                                                                                                                                                     Календардык планды түзгөн мектеп директору :______________Тутуева Бактыкан

              

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БИЛИМ БЕРУУ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

ОШ ОБЛУСУНУН

КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК

БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮ

“КЕНЕШ” ОРТО МЕКТЕБИ

 

 

                      

 

 

МИНИСТЕРСТВО ОБРАЗОВАНИЯ И

НАУКИ КЫРГЫЗСКОЙ  РЕСПУБЛИКИ

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

КАРА-КУЛЖИНСКИЙ РАЙОННЫЙ

 ОТДЕЛ ОБРАЗОВАНИЯ

СРЕДНЯЯ ШКОЛА “КЕНЕШ”

 

 

 

 

 

 

Насирдин айылы. .

Чыгуу        _________.2022      №51

БУЙРУК

Насирдин айылы             № 51             2-сентябрь .2022-жыл.

    “Кенеш” орто мектебин институционалдык жана программалык аккредитациядан өткөрүү үчүн өзүн-өзү баалоо  комиссиясынын курамын  түзүү жөнүндө

.

   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  “Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү  айрым маселелер жөнүндөгү”   2020-жылдын 30-мартындагы №189-токтому менен бекитилген укуктук ченемдик актыларын жана КРнын Билим берүү жана министрлигинин 2020-жылдын 29-октябрындагы №905/1 –буйругун,2021-жылдын 12-мартындагы №252/1-буйругун жана Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы №29-буйругун  ишке ашыруу    максатында

БУЙРУК КЫЛАМЫН:

   1.”Кенеш”  орто мектебин институционалдык жана программалык аккредитациядан өткөрүү  багытында иш алып баруучу  төмөндөгү курамдагы өзүн өзү баалоо  комиссиясы  түзүлсүн:

1.Тутуевва Бактыкан -мектеп директору,комиссиянын төрайымы;

2.Паизов Таалайбек -О.Б.Б, комиссиянын мүчөсү;

3.Матаева Чынаргул –ТИУ боюнча директордун орун басары,комиссиянын мүчөсү;

4.Оморова Бүсара –Табигый  илимдер  усулдук бирикмесинин башчысы, комиссиянын мүчөсү;

5. Тукубай  кызы  Аксана- англис тили  мугалими,  комиссиянын  мүчөсү

6.Ширинбекова Жылдыз –башталгыч  класстар  усулдук бирикмесинин  башчысы , комиссиянын мүчөсү;

7.Асанова  Дилбаркан -ата-энелер комитетинин төрагасы;

8.Оморов Сейитбек -көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөсү.

 

2.Өзүн өзү баалоо  комиссиясы  үч айдын ичинде тиешелүү документтерди даярдап,  3-сентябрда  өзүн өзү баалоо боюнча отчетту педагогикалык кенешменин кароосуна сунуштасын.

3.Бул буйруктун аткарылышын өзүм көзөмөлгө алам                                                 Мектеп директору:______________Тутуева Бактыкан

 

 

 

                                          2.Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана тастыктоочу база

 

 

 

 

Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлер

 

 

 

Билим берүү мпекемесинин анализи Өзүн-өзү баалоо)

 

 

 

Тастыктоочу база

1.БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МАЗМУНУ ЖАНА ОКУУ МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛЫШЫ

 

1.1

Окуу планынын жана берүү программалардын билим берүү стандаартынын базистик окуу планынын талаптарына  жана кызыктар тараптардын керекөөлөрүнө  ылайык келүүсү.

 

“Кенеш” орто мектебинде Базистик окуу планы Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы  №403 Токтому менен бекитилген мектептик билим берүүсүнүн Мамлекеттик стандарты;  №1 Педагогикалык кеңешменин чечими менен бекитилген;

-Окуу планы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин 2022-жылдын 5-августу, №1529/1 буйругу менен бекитилген 2022-2023-окуу жылы үчүн жалпы билим берүү уюмунун Базистик окуу планынын негизинде түзүлгөн. Окуу планында жумалык саат

 1-4-класстарда 90 саат,

 5-9-класстарда 147саат,

10-11-класстарда 60 саат болуп

 жалпы жумалык жүктөм 297саатты түздү.

Август айында календардык тематикалык пландар түзүлуп, мектептин окуу иштери боюнча директордун орун басары  текшерип,  мектеп директору   тарабынан бекитилген. Класстагы окуучулардын орточо саны  17-20 окуучуну түзөт. Сабактар Базистик окуу планга ылайык, мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы   тарабынан түзүлгөн жүгүртмө  боюнча  өткөрүлөт. Регламентке ылайык, сабактар 45 минутадан, 5 минуталык тыныгуу менен өтөт. Окуучулар 2 сменада билим алышат:

 Каникулдардын графиги Базистик окуу планынын түшүндүрмө  катынын негизинде коюлган. Программалар,окуу  китептери, текшерүүчү дидактикалык материалдар, усулдук адабияттар,тематикалык иш-чаралар окуу планына,билим берүүнүн мазмунунун милдеттүү  минимумуна,окутуунун сапатынын жыйынтыгына, окуучулардын өнүгүүсүнүн  деңгээлине жана психологиясына дал келет.

“Кенеш” орто мектебинин окуучулары  контингент боюнча жайгашкан.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин 2022-жылдын 5-августу,№1529/1 буйругу менен бекитилген 2022-2023-окуу жылы үчүн жалпы билим берүү уюмунун Базистик окуу планы

1-тиркеме   - бетте

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                       

 

 

 

2-тиркеме  -бетте

1.2

Окуу - методикалык билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү

 

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403  токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык иш алып баруу менен  “Кенеш”  орто билим берүү мектебинин билим сапатын камсыздоо максатында  2019-жылдын    19-августунда№1 Педагогикалык кенешмеде бекитилген  мектептин өнүгүү планында (стратегиялык план 2018-2022-о.ж.) жана учурдагы окутууну жана тарбиялоону жакшыртуу планында (ОТЖП) мектептин миссиясы жана максаттары чагылдырылган.  Мектепти жана кызыктар тараптарды өзүн-өзү баалоонун жыйынтыктары менен кошумча талаптар  керек экендигин эске алуу менен МӨП(страт. планга) киргизилген, ал эми толуктоолор  ОТЖПда жыл сайын анализделип киргизилип турат. Педогогикалык кенештердин жана  өндүрүштүк кенешмелердин маселелери талапка ылайык , зарыл деп табылган маселелер менен  алмашылып турат.

Мектептин миссиясы :« Мектептин окуу материялдык, техникалык базасын чындоо менен окуучуга сапаттуу билим беруу жана мекенчилдике тарбиялоо. »

Мектептин максаты:“ Ар бир окуучунун табигый мүмкүнчүлүктөрүн шыгын жөндөмүн аныктоо  жана билим берүүдө прогрессивдүү

технологияларды пайдалана менен окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу“

        Мектептин миссиясы менен дал келген жана мамлекеттик билим беpүү стандарттарынын талаптарына ылайык так аныкталган билим беpүү максаттары иштелип чыккан:

  • Курагына, жынысына, этностук, диндик белгилерине, жашаган жерине, акыл-эс жана дене бой өнугүүсүнө,социалдык-экономикалык статусуна ж.б. карабастан, сапаттуу негизги жалпы жана жалпы орто билим алууга мүмкүнчүлүк  берүү;
  • Мектепте 10 жана 11-класстардын базасында профилдик баскычка өтүү  жана негизги жалпы билим алган ар бир окуучуга адистикти тандоо мүмкүнчүлүгүн  түзүү;
  • Мектепте социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү;
  • Мектепти жогорку квалификациялуу адистер менен камсыз кылуу;
  • 10-11-класстарда кесипке багыт берип окутуу пландаштыруу.

Мугалимдердин билимин, кесипкөйлүүлүгүн жогорулатуу максатында билимин өркүндөтүү курстарында окутулат.

Окутуу программасынын алкагында эффективдүү иш алып баруу үчүн окуу-методикалык комплекс иштелип чыккан. Нормативдик жана окуу методикалык иш кагаздары менен иш алып баруу жакшы жолго коюлган:

   -мамлекеттик билим берүү стандарты;                                                                                      - жумушчу окуу планы;                                                                                                                  -жумушчу окуу программасы;                                                                                                  -тематикалык пландар;                                                                                                           Мектептин ишинде окуу жана методикалык адабиятттар кеңири колдонулат: 

 -инструкциялык карталар, сөздүктөр;                                                                                           -көрсөтмө куралдар;                                                                                                                           -окутуунун техникалык каражаттары жана практиаклык ишмердүүлүгү  үчүн  атайын каражаттар.

2022-2023-окуу жылында окуучулардын саны 161, алардын ичинде кыз балдар -76. Улуттук курамы боюнча кыргыздар -100%,   Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелген окуучулардын саны -0                                                                                                                   Билим берүү уюму кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө карата төмөнкү  структуралык бөлүктөр менен иш жүргүзөт:

Педагогикалык курам;                                                                                                                    -Тех.персонал;                                                                                                                                   -Окуучулардын курамы;                                                                                                                    -Ата-энелер комитети;                                                                                                                          -Коомчулук.

-Көзөмөлчүлөр кеңеши

Кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында    мектепте математика  жана кыргыз тили предметинен мугалимдин ишмердүүлүгүнүн негизинде ЖРТга  окуучуларды жигердүү даярдоо бүгүнкү күндө  2ден ашуун окуучу медициналык академиянын студенттери болуп эсептелет. Алды Турция, Кытай,Корея өлкөлөрүнөнөн билим алып жатышат.

 

-тиркеме ,  -бетте

 

 

 

 

                                                                                              

                                                          -тиркеме,  -бетте

 

1.3

Жетиштүү  маалыматтык    ресурстардын  (окуучулардын  контингентине ,анын  ичинде  окутуу   тилдерине  карата   окуу  методикалык  адабияттардын   фонду)

    Мектепте   билим  берүүнүн  максаттарына   ылайык  материалдык-техникалык   база  жана  маалымат  ресурстары   менен  камсыздалган.Окуу   процессин   уюштурууда   зарыл  техникалык  каражаттар  жетиштүү   жана   жылына   толуктоо  иштери   жүрүп    турат.

   Мектептин  китепканасы  талапка  ылайык.Окуучулар  үчүн   окуу  залы  уюшулган,окуучулар   бош  убактысында   китеп  окушат.Ар бир  предмет   боюнча  методикалык   колдонмолор бар.Көркөм   адабий  китептердин  эффективдүүлүгүн   окуучулардын  аракетининин  негизинде     китепкана  башчысынын    планына  ылайык    жыйынтыкталып   бааланып  турат.

  Долбоорлор   менен   кызматташабыз.”Бирге  окуйбуз “долбоору   1-4-класстардын   окуучуларынын  негизги  окуу  көндүмдөрүн     өркүндөтүүгө  багытталган.Бул  долбоор  тарбынан   19   китеп  келген.Ал  эми   “Окуу керемет”   долбоору  тарабынан  225  даана  китеп  берилген.

  Китепкананын   жалпы  фонду   7263  даана.                                                 Анын  ичинен  окуу  китептери  6181  китеп.                                          Методикалык    китептер 57.                                                                                           Көркөм- илимий  адабияттар  70.                  

Жалпы  мектеп  боюнча  китеп  менен   камсыз  болуусу

 1-4 -  класстар   95%

 5-9 – класстар  85%

 10-11- класстар  100%

Жалпы  окуучулардын китеп менен   камсыз  болуусу  92,5% ды  түзөт.

 

 

-тиркеме    -бетте

1.4

Билим берүү программасынын жана окуу методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында  кызыктар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоону колдонуудагы механизмдин болуш

Мектепте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө, Мугалимдин статусу жөнүндө, мыйзамдары, билим берүү  программаларын ишке ашырууда жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү  стандарты, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктары, билим берүү уюмдарынын иштерин жөнгө  салуучу иш укуктук-нормативдик актылары, мектептин Уставы жетекчиликке алынып, окуучуларга сапаттуу билим берүү  артыкчылыктуу мааниге ээ. Билим берүүнүн  сапатын көтөрүү  үчүн бардык шарттар көрүлөт. Райондук билим берүү  бөлүмү, айыл өкмөтү жана ата-энелер коомчулугу менен бирдикте мектептин материалдык – техникалык базасын чыңдап, окуу мебелдери, окуу китептери, усулдук колдонмолор жана компьютер, интерактивдүү  такталар менен жабдуу үчүн бир катар иштер жасалган.Аталган иш-аракеттердин бардыгы педагогикалык кеңештерде, камкорчулар кеңеншинин отурумдарында жана ата-энелер чогулуштарында жүргүзүлгөн сурамжылоо, анкета, тестирлөө жүргүзүү  аркылуу ишке ашырылат. Камкорчулар кенешинин иши алгылыктуу жүрүүдө жана жасалган иштер боюнча маалымат өз убагында берилип, ачык айкын мектеп залына илинет

 

Күчтүү жактар:

  • Мектепте тажрыйбалуу, компитенттүү мугалимдердин болушу;
  • Мектептин жетишкендиктеринин арбын болушу;
  • Бүтүрүүчүлөрдүн Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн ЖОЖ билим алуусу;
  • Окуучулардын райондук олимпиадалардагы ийгиликтери жана ага карата даярдоодогу мугалимдердин тажрыйбасы;
  • Окуу процессине кызыкдар болгон ата-энелердин көбөйүшү ;
  • Окуучулардын 90% окуу китептери менен камсыз болушу;
  • Окуу-тарбия иштеринде жаны технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү.

 

Алсыз жактар:

  • Методикалык китептердин жана көркөм адабияттардын аздыгы
  • Актовый залдын жоктугу

 

 

 

 

Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлер

 

 

 

Билим берүү мпекемесинин анализи Өзүн-өзү баалоо

 

 

 

Тастыктоочу база

2. Компетенттүү окутууну ишке ашыруу жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоо

2.1

Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу

Мектептин окутууну жана тарбиялоону жакшыртуу планында мектептин миссиясында коюлган.

Мектептин миссиясы: “Мектептин окуу материялдык, техникалык базасын чындоо менен окуучуга сапаттуу билим беруу жана мекенчилдике тарбиялоо.”.

     *Мектептин өнүктүрүү стратегиясын жана окуу-тарбия процессинин системалуулугун камсыздоо;

     *Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу менен окуучулардын билим деңгээлин көтөрүү;

     *Окутуунун ыкмаларын өнүктүрүү жана билим берүүнүн мазмунун тереңдетүү менен окуучуларды келечекке татыктуу инсан кылып тарбиялоо;

     *Технологиялык каражаттарды пайдалануу менен окуу-тарбия процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу;

Окутуунун максаттары билим берүү уюмунун, метод кеңешменин метод бирикмелердин пландарында жана программаларында белгиленген.Мамлекеттик билим берүүнүн стандартына ылыйык келет. Окутуунун максаттары окуучунун позициясына жараша сабактардын пландарында белгиленген мамлекеттик билим берүүнүн стандартына ылайык келет.

-Мектептин өнүктүрүү стратегиясын жана окуу-тарбия процессинин системалуулугун камсыздоо;

-Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу менен окуучулардын билим денгээлин  көтөрүү;

-Окутуунун ыкмаларын өнүктүрүү жана билим берүүнүн мазмунун терендетүү менен , окуучуларды келечекке  татыктуу инсан  кылып тарбиялоо;

-Технологиялык каражаттарды пайдалануу менен окуу-тарбия процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу.

Окутуунун максаттары билим берүү уюмунун ,метод кенешменин,  метод бирикмелердин пландарында жана программаларында белгиленген. Мамлекеттик билим берүүнүн стандартына ылайык келет. Окутуунун максаттары  окуучунун позициясына жараша сабактардын пландарында белгиленген мамлекеттик билим берүүнүнү стандартына ылайык келет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2.2

Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу

 

 

 

 

 

 

 

 

Окутуу  жана  тарбиялоо  процессинде  1-4-класстар арасында  USAID« Бирге  окуйбуз»,»Келгиле окуйбуз»

долбоору  жана  башка  долбоорлор коомчулук  менен  инновациялык технологияларды пайдалануу  аркылуу  иш  жүргүзүүдө.

Бул  проект программалар  менен  иш  алып  баруу.чыгармачыл  окуучуларды  аныктоо окууга  болгон  кызыгуусун  арттырууга,   жыйынтыгында  билим  сапатынын  жогорулашына  түздөн-түз  жакшы  таасирин  тийгизерин  практика  көрсөттү.

Мугалимдер  менен  усулдук  иш  алып  баруунун,  мугалимдер  тарабынан  инновациялык  технологияларды  колдонуу  боюнча  далилдери  бар.

Мугалимдердин 80%дан  кем  эмеси  окутууда  МКТ  жана  инновациялык  ыкмаларды  колдонуу  көндүмдөруно  ээ  жана  аларды  практикада  колдонот. Сабакка  даярдануу  жана  өткөрүү,  окуучулардын  Жетишкендиктерин  текшерүү  жана   баалоо  учурунда  МКТ  колдонуу  үчүн  шарттар  түзүлгөн.

  Жалпы  мугалимдер  «Искак» окуу борборунун  тренерлери  тарабынан  маалымат  каражат  технологиясын  окуп  үйрөнүп. Сертификат  алышкан. Ошол  алган  билимдеринин  негизинде  ар  кандай  сайттарды  колдонушат.Мисалы :          I BILIM    BILIM BULAGY ж.б.

Мектепте  мугалимдердин  перспективалык,педогогикалык  тажырыйбасы   үзгүлтүксүз  өздөштүрүү менен  улантылууда.  Буга  мисал  аралыктан  окутуу  учурунда inshot,capcut, benaim ж.б  программаларын  колдонуу менен  видео  роликтерди  жасап.  Окуучуларга  жеткиликтуу  билим  берүүгө  аракеттеништи.Zoom, Google meet, Duo программаларын  колдонуу  менен  аралыктан  окутуунун  кыйынчылыктарын  женилдетишти.

Мугалимдерге  мектептеги техникалык  каражаттардын  жетиштүү  болушу    кесиптик –методикалык  чеберчилигин жогорулатууда.

Мектепте 10  компьютер,2 проектор,3  телевизор,1 ин. доска.    1 кочмо  доска  бар. Андан  сырткары  6  каанага  интернет  кабели  тартылып,  интернет  булактары  колдонулат.. Мындан  сырткары  21  мугалим  ноутбук  менен  камсыз  болуп , билим  берүүнүн  сапатын  жогорулатууда.
 

2.2

 

 

2.3

 

 

Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин брлушу.

Окутуу жана тарбиялоо процессинде  ата-энелерден сурамжылоо, анкета жүргүзүү жана башка кайтарым байланыш алуунун процесси уюштурулган жана талданган.  2019-жылдан бери  электрондук журнал менен иш алынып барылат. Ар бир ата-эне менен байланыш түзүлүп, өздүк телефондорунан балдардын алган бааларын жана берилген тапшырмалар боюнча маалымат алып турушат.  Ар бир мугалимдин жеке электрондук почтасы менен иш алып баруу жагы иштелип жатат.

 Жалпы мугалимдерден 50% электрондук почта менен иш алып барышат.  Ар бир класс жетекчи окуучулардын ата-энелери менен группа ачып системалуу түрдө тыгыз байланышта болушат. Педагогдордун ишинин ыкмаларын жана технологияларын корректировкалоо максатында  окутуунун натыйжаларын жана сабактарды талдоо   жана   өзүн-өзү талдоо иши туруктуу  жүргүзүлөт.

Кайтарым байланыштын кандай гана түрү колдонулбасын, мугалим төмөндөгүлөрдү эске алышы керек.

  • окуучулар ийгиликтүү аткарган иштерди белгилөө
  1. каталар кетирилсе окуучуларга ишти натыйжаны жакшыртуу үчүн конкреттүү  сунуштарды берүү зарыл   

 

 

 

 

2.4

Билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун обьективдүү жана ачык айкын системанын болушу

Мектепте окуучулардын билимин баалоо чейректик жана чейрек ичинде түзүлгөн планга ылайык жүргүзүлөт. Билим берүүнүн стандартына ылайык баалоонун түрү пайдаланылат.  Чейректик жат жазуу, текшерүү иши же тест алуу учурунда окуучуга тапшыруучу ишинин көлөмү , баалоо критерийлери мугалим тарабынан маалымдалып, окуу бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынат. Ички көзөмөлдүн жыйынтыгы жана жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендердин жыйынтыгы “Экзамен тактасында” чагылдырылат.  Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо (НООДУ) боюнча 4-8 класстарынан тест жүргүзүлуп турат.

 

2.5

Окуучуларды баалоонун  колдонулуучу эрежелери, жол жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу

Окуучулардын билимин баалоодо алына турган чейректик жат жазуу, текшерүү иштери, лабораториялык-практикалык иштер, тест  жана башка жазуу иштери мугалимдердин календардык планында так көрсөтүлгөн.  Чейректик жат жазуу, текшерүү иши же тест алуу учурунда окуучуга тапшыруучу ишинин көлөмү , баалоо критерийлери мугалим тарабынан маалымдалып турат, окуу бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынат. Мектептин планына ылайык ар бир предмет боюнча жумалык декадалар жана предметтик текшерүүлөр мектептин ички көзөмөлүндө иш алынып барылат. Жыйынтыктары педагогикалык кенешмеде жана директор алдындагы кенешмеде каралат. Метод кенешмеде талкуу жүргүзүлөт.  Жыл сайын окуучулар Жалпы Республикалык тестирлөөгө,  , НЦТ , ЖМА катышышат.

 

2.6

Коопсуз өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйросүн камсыздоо, билим берүү процессинде

 ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу

Мектепте окуу бөлмөлөрү,окуу залдары кышкысын жылуу.

Окуучулардын билим алуусуна жана мугалимдердин иштөөсүн жетиштүү шарттар түзүлгөн.

Стратегиялык планда каралган балдардын коопсуздугун көзөмөлдөө  максатында мектепте ар бир класска  видео  көзөмөл орнотулган.Мектептин ашканасы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, Бириккен Улуттар Уюмунун  (БУУ) азык-түлүк программасына кирип керектүү ашкана жабдуулары  менен камсыз болду. Бүгүнкү  күндө           1-4- класстардын окуучуларына ата-энелер жана мамлекет тарабынан  ысык тамак берилүүдө. Мектеп ашканасында толугу менен талапка ылайык шарттар түзүлгөн.  Жылуулук системасы толугу менен          камсыздалган.Абанын тазалыгы камсыздалып,нымдуу  уборкалар жүргүзулүп турат. Тыныгуу убагында желдетүү иштери аткарылып турат.Жугуштуу ооруларды алдын –алуу максатында залалсыздандыруу уборкалар жасалып, өздүк гигиенаны  сактоо  максатында  ар  бир  бала антисептик .маска  жана бир жолку  кол  аарчылар менен камсыз болушкан. Сергек жашоо образы боюнча класстан тышкаркы иштер өтулуп турат. Окуучулардын гигиенасын сактоого бардык шарттар түзүлүп,таза суу  да  киргизилген.  Медицина  кызматкерлери менен тыгыз байланышта болуп, убак -убагы менен иш алынып барылат.

 

2.7

Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргузүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын  натыйжаларынын динамикасы

Мектепте окуучулардын  билим сапатына анализ жүргүзүлүп, жыйынтыктары чыгарылып, Усулдук бирикмеде, директор алдындагы кеңешмеде жана жалпы педагогикалык кеңешмеде каралып турат

-тиркеме     - бетте

2.8

Кызыктар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу

Ата-энелер тарабынан балдарын мектепке жайгаштыруу боюнча арыздар жана турмуш шартына байланыштуу 10-класстын окуучуларын өз каалоосу менен окуудан чыгаруу боюнча түшүнүк каттар. Окуучулардын ден соолугуна байланыштуу аныктаманын негизинде окуусун улантуу жана жекече окутуу жолго коюлган. 

Мектепке келип түшкөн арыздардын, сунуштардын үстүнөн иш алып барылат. Оор маселе болсо педагогикалык жана профсоюздук жыйында каралат. Ошондой эле тарбия иштери боюнча класстан тышкаркы иштердин орун басарынын ИДН менен биргеликте каттоо журналы түзүлгөн. Кызыктар тараптардын кайрылууларына кайтарым байланыш жасоонун жол-жоболору иштелип чыккан жана ишке киргизилген.

  -тиркеме      -бетте

 

Күчтүү жактары

Окуучулардын билим алуусуна заманбап  шарттардын түзүлүшү Окуучулардын билиминин системалуу бааланышы;

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулардын билим алуусуна шарттардын түзүлүшү

Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду талапка ылайык колдонуусу;

Окуучулардын олимпиада, ар кандай иш чараларга, сынактарга, спорттук иш чараларга катышып көрсөткүчтөргө ээ болуусу;

Окуучулардын билимин баалоонун ачык айкын маалымат берилиши;

 

 

 

Алсыз жактары

Айыл жергесинде окуучулар үчүн ийримдердин аз болушу;

9-класстан мыкты окуучулардын окуу жайларына кетиши;

Заманбап технологиялардын жетишсиздиги

 

         

 

 

Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлер

Билим берүү мекемесинин анализи өзүн-өзү баалоо

Тастыктоочу база

2. Кадрдык саясаттын эффективдүүлугу

3.1

Педагогикалык  персоналдын     квалификациясынын   жана    билиминин билим   берүү  программасына     шайкеш   келүүсү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мектепте   педагогикалык   жана  көмөкчү   курамдын  комплекттелиши, квалификациясы,  билими  жана   тажрыйбасы   билим  берүүнүн   максаттарына  жетүүгө   ылайык түзүлгөн. Ар   бир  окуу   жылынын  башталышында  мугалимдердин   кесиптик  өздүк   курамы   такталып, отчет   берилип   турат.

Мектепте     22 мугалим  эмгектенет.  19  мугалим   жогорку  билимдүү,  3  мугалим  атайын  орто  билимдүү.

  Ар  бир  окуу   жылынын   башталышында  Райондук   Билим  берүү   бөлүмүнө  мектептин   квалификациясын   жогорулатууга   муктаж  мугалимдердин  тизмеси    бекитилип   берилет.  Ош областтык  Билим  Берүү  институтунун   квалификацияны   жогорулатуу  курсунун  графигине   киргизилип,   мугалимдер   квалификациясын   жогорулатып    келишет.

  2017  -2018- окуу   жылында  21.2%

  2018-2019  -окуу  жылында   19.5%

  2019 -2020  - окуу  жылында  18.7%

  2020-2021  - окуу жылында   17.3%

  2021 -2022-  окуу  жылында  21.7%

  Мектептин   мугалимдеринин  кесиптик    квалификациясынын  жогорулатуу  үчүн   үч, беш  жыл  сайын   жиберилет,андан  сырткары  тренингдерге,кыска  мөөнөттүү  квалификациясын  жогорулатуучу    окууларга  барышат.

  Мектептин  мугалимдеринин  кесиптик    квалификациясы   боюнча   камсыздалышы    97 % ды  түзөт.

 Педагогикалык    персоналдын  квалификациясын  жогорулатуу   жана  билим  берүү  программасына   шайкеш   иштерди   алып  баруу  пландаштырылган.

 

3.2

Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү,ошондой  эле  билим берүү процессинин катышуучуларынын өз  ара  мамилелерин баалоону,анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жоболордунболушу.

Балдардын коопсуздугун камсыз кылууга адилетсиздиктен ,кемсинтүүдөн,адамдык нарктуулугун басынтуудан  ,балдар эмгегин колдонуу жана катал кайрылуунун бардык түрлөрунөн аларды коргоого жоопкерчилик алынган.Педогогдор менен ата-энелердин ортосунда келишимдер түзүлгөн.   Кооптуу жагдайларды алдын-алуу үчүн атайын иш пландар иштелип чыккан. Социялдык педогог жашы  жете элек балдар боюнча иштердин  инспектору (ИДН) менен биргелешип иш жүргүзөт.  Ошондой  эле балдардын социялдык абалына жараша колдоолор көргөзүлүп турат.  Мектепте окуучулардын арыз дооматын, өтүнүчүн,  сунуштарын  кабыл алуу үчүн атайын” ишеним кутучасы”пайдаланылат. Ал маалыматтарды алууда мектептин соцпедагогу, окуу бөлүмүнүн башчысы жана организатор тарабынан каралып АКТ түзүлүп, жыйынтыгы чыгарылат.

 Ата-эне жана  окуучулардан  психологиялык сурамжылоо жургузулот. ИДН кызматкерлери менен ай  сайын

чогулуштар өткөзүлүп  түшүндүрүү иштери жургузулуп турат.

Ѳрт  коопсуздугу боюнча мектепте талапка ылайык атайын щиттер орнотулган.Анда керектелүүчү шаймандар толугу менен камсыздалган.Ар бир бөлмөдө эвакуациялык пландар илинген.ар кандай кырдаалга даяр болуу максатында атайын машыгуулар болуп турат.

  -тиркеме       -бетте

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3.3

Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу мотивациялоо системасынын болушу

Мектепте педагогикалык  кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу  боюнча окуу жылынын башында перспективдүү план кабыл алынат.  Ар бир окуу жылынын башталышында мугалимдердин кесиптик ѳздүк курамы такталып , отчет берилип турат.

Мектепте 22 мугалим эмгектенет .

86.4% жогорку билимдүү

100% өзүнүн адистигине жараша комплектелген .

Ар бир окуу жылынын башталышында Райондук Билим берүү бѳлүмүнѳ  мектептин квалификациясын жогорулатууга муктаж мугалимдеринин тизмеси бекитилип берилет. Областтык билим берүү институтунун квалификацияны жогорулатуу семинарларынын графигине киргизилип мугалимдер квалификациясын жогорулатып келишет.

2016-2017-окуу жылында 15%

2017-2018-окуу жылында 20%

2018-2019-окуу жылында 25%

2019-2020-окуу жылында 37%

2020-2021-окуу жылында 30%

мугалимдер  өздөрүнүн кесиптик квалификациясын жогорулатууга барып келишкен.

Мектептин мугалимдеринин кесиптик квалификациясын жогорулатуу үчүн беш жыл сайын  жиберилет, андан сырткары тренингдерге , кыска мөөнөттүү квалификациясын жогорулатуучу окууларга барышат.

Мектептин мугалимдеринин кесиптик квалификациясы боюнча камсыздалышы  100%ды түзөт.

-тиркеме     -бетте

 

Күчтүү  жактары:

 

- Мектепте   жума  сайын  өз билимин өркүндөтүү боюнча тренинг, семинарлар  өткөзүлүп  турат. Бардык  мугалимдер  активдүү   катышып   талкуу  жаратып,жаңы  идеяга  ээ  болушат.

 

 

Алсыз  жактары:

Окуучулар үчүн атайын спорт зал жоктугунан дене тарбия сабагында  мезгилдик оюндарды ойнотууда кыйынчылыктар көп болот.

 

           

 

 

Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлер

Билим берүү мпекемесинин анализи өзүн-өзү баалоо

Тастыктоочу база

                                                    4. Материалдык-техникалык база

4.1

Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын                                 ( жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт залдын болушу)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мектепте балдардын билим алуусуна жана мугалимдердин иш алып баруусуна шарт түзүү маскатында мектептин материалдык базасын чындоо иштери жүргүзүлүп келет.

  • Мектеп бир корпустан турат. 5-11-класстар, башталгыч класстардын окуучулары билим алат;
  • Жалпы 9  класстык бөлмө бар;
  • 1 компьютердик класс;
  • 1 ашкана ;
  • 1 китепкана;
  • 2 спорттук аянтча;

Мектептин штатына бекитилген медициналык кызматкер жок болгондугуна байланыштуу окуучулардын жана педагогикалык курамдын ден-соолугуна кам кѳрүү айылдык Үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун медициналык кызматкерлери тарабынан камсыздалат.

Мектептин корпусунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус орнотулган.

КРнын 2002-жылдын 27-июнундагы №111 КРнын жалпы билим берүү мектептериндеги окуучулардын тамактануусун  уюштуруу тууралуу мыйзамы ишке кирген. Кыргыз өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги №293 “КРнын жалпы билим берүү” мектептериндеги окуучулардын тамактануусун уюштуруу тууралуу токтом кабыл алынган.

КРнын президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы УП№372 КРнын жалпы билим берүү мектептериндеги окуучулардын тамактануусун уюштуруу тууралуу указы чыккан. КРнын  илим , билим жана жаштар саясаты  министрлигинин 2006-жылдын 27-июлундагы №492/1 КРнын жалпы билим берүү мектептериндеги 1-4-класстардын окуучулары үчүн тамактанууну  уюштуруу тууралуу буйругун аткаруу максатында             1-4-класстын окуучулары үчүн ысык тамак берилип келе жатат. Мектептин ашканасы  МЕРСИКО уюму тарабынан талапка ылайык жабдылган. Баардык ашканага керектелүүчү ашкана жабдыктары МЕРСИКО уюму тарабынан алынып келинип окуучулардын тамактануусу үчүн толук пайдаланылып жатат.

    Мектепте баардык спорттук мелдештер  спорт аянтчасында өткөрүлөт.

     Учурда мектеп талапка жооп берет. Кышкысын жылытуу системасы эки жол менен ишке ашырылат:

  1. Буу казан
  2. Электр жылыткычтары .

Мектеп бөлмөлөрү кышында жылуу , жазында салкын,жарык , балдар билим алууга ыңгайлуу.

    Педагогикалык жамааатта 19 жогорку, 3 атайын орто  билимдүү мугалимдер эмгектенип, кадрлар менен кмсыздоо толук ишке коюлган . Материалдык базаны чындоонун үстүндө иш жүрүп жатат.                  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4.2

Билим  берүү  чөйрөсүнүн коопсуздугунун  талаптарынын сакталышы

          Мектептин экологиялык абалы талапка  жооп берет. Жашылдандыруу жана  көрктөндүрүү боюнча  алгылыктуу иштер жүргүзүлүп турат.

          Мектеп жетекчилиги  айылдык  медициналык кызматкерлер  менен биргеликте, санитардык эрежелерди  сактоого  мүмкүндүк  берген  алгоритимди иштеп чыгышкан.  Ал  эми санитардык – эпидемиологиялык эрежелер  сакталган .

           Мектепте 2008 – жылдын сентябрь  айынан  баштап  1 – 4 – класстын  окуучулары  үчүн  шашке  тамагы берилип  келе  жатат. Мектептин  ашканасы талапка  ылайык  жабдылган.

           Өрт  коопсуздугу  боюнча  атайын  иштелип  чыккан  №1 педагогикалык  кеңешмеде  бекитилген  баштапкы  профсоюз  уюму  менен макулдашылган көргөзмөнүн  негизинде  иш  алып  барышат. Өрт өчүрүүчү  каражаттар 100% га  жетиштүү.

        Мектеп админстрациясы эмгекти коргоодо эмгек  шарттарын  камсыз кылышат.

  Техникалык  коопсуздук  каражаттарынын камсыз  болушу, коопсуздук  талаптарына  толугу  менен  ылайык  келет.

 

4.2

4.3

Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу

Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча  иш планы иштелип чыккан. План боюнча бир топ иштер жүргүзүлүп келет. Материалдык-техникалык базаны жакшыртуу максатында анализдер, баалоо жүрүп турат. Ал директор алдындагы кенешмеде жана педагогикалык кенешмеде талкууланат.

Атап алсак:                                                                                                            -Материалдык-техникалык база боюнча  жакшыртуу талап кылынат;          -окуучуларды класс кабинеттердин санына ылайык комплектилоо;              -информатика кабинетинин жана компьютерлердин санын арттыруу           -санитардык талаптардын сакталышы                                                               -Спорттук жабдуулардын комплексин түзүү;                                                   -окуучулардын стол, стулдарын, класс кааналардагы шкафтарды            жанылоо

Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча иштер мектептин өнүгүү планында каралган.

Мугалимдердин МТК боюнча өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө

                2016-2017-окуу жылында 20%

                2017-2018-окуу жылында 30%

                2018-2019-окуу жылында 40%

                2019-2020-окуу жылында 50%

                 2020-2021-окуу жылында 60%

4.3

 

Күчтүү жактар:

  • Заманбап окуу кааналардын болушу,
  • Маалыматтык технологиялар, тех каражаттар менен камсыздоонун  болушу
  • Мектептин  айланасындагы  жашылдандыруу  жана көрктөндүрүү иштеринин  жүргүзүлүп  турушу.
  • Санитардык жана гигиеналык эрежелер сакталып  турушу

 

 

Алсыз жактары:

Проектор , интерактивдуу досканын жетишсиздиги;

Кабинеттердин жетишсиздиги;

Актовый залдын жоктугу.

Спорт залдын жоктугу.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика